Адам өлтүрүүгө шектүү 1995-жылы туулган Даниил Жаныбеков изделүүдө

0
42

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү 1995-жылы туулган Даниил Жаныбеков изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде “102” кызматына Горький жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине райондук ыкчам тергөө тобу барган учурда 1967-жылы туулган А.Н. аттуу аялдын жансыз денеси экени белгилүү болгон. Маркумдун денесинде зоомбулуктун белгилери болгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири 1968-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 22-апрелде Биринчи Май райондук соту экинчи шектүү 1995-жылы туулган Даниил Жаныбековго издөө жарыялаган.

Милиция кызматы жогорудагы жаранды көргөн-билгендер болсо 0 700 45 60 07, 0 703 93 20 92 же 102 номерине кабарлап коюну суранат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.