Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү, – президент

Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылганын билдирди.

“Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык. Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз.

Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик. Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен”, – деди өлкө башчы.

280751184 2130633710444880 8002255396583177156 n Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү, - президент