Нарын ОИИБнин Ардагерлер кеңеши күч түзүмдөр арасында атайын волейбол боюнча (МИКС) спорттук турнир өткөрүштү.
Кечээ, 4-май күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгында 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алган күнүнө жана 9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына карата Нарын облустук ИИОнын Ардегерлер коомдук бирикмеси тарабынан волейбол оюну уюштурулду.
Аталган иш-чарага облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү, Нарын ОИИБнин жетекчилиги, өздүк курамы катышып, ат салышып жаткан командаларга ийгиликтерди каалап өтүштү.
Өз кезегинде Нарын ОИИБнын начальниги Алмазбек Жумабеков жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Калыбек Кыдыкбаевдер иш-чаранын негизги максаты күч түзүмдөр ардагерлер арасындагы байланышты, ынтымакты бекемдөө жана жаш муундарды сергек жашоого үндөө менен таалим тарбия көрсөтүү, волейбол оюну боюнча спортту өнүктүрүү керек экендигин баса белгилешти.
Мелдешке жалпы 6 команда ат салышып, оюн кызуу уланып, ардагерлер өзүнүн спортко болгон шыктуулугун көрсөтүү менен кызыктуу оюн тартуулашты.
Жыйынтыгында 4-орунду Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, 3-орунду Нарын облустук бириктирилген ооруканасы, 2-орунду Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын №1-командасы, 1-орунду Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын №2-командасы камсыз кылышып, женүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга ардагерлер тарабынан даярдалган өтмө кубогу, баалуу белектер, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы