Мамлекет башчы селден жабыркаган үйлөр жакын арада калыбына келтириле турганын билдирди

0
24

Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү катталган табият кырсыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтери толугу менен ишке тартылганын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Мамлекет башчынын жазганына караганда, ондогон үй-бүлө, анын ичинде 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөн.

«Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам);

Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан үч үй-бүлө (15 адам);

Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам);

Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам)

Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды», — деп жазды президент Жапаров.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.