Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти

0
76

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты манасчынын жубайы Ырыс Окенова маалымат каражаттарына ырастады. Бирок ал үй-бүлөсүнүн өлкөдөн чыгып кетүү себебин айта албай турганын билдирди.

Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков «Манас айылы» комплексинин директорлугунан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.

Социалдык тармактарда манасчынын өлкөдөн кетишине бийликтин кысымы себеп болгону айтылууда.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.