ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат

ИИМ: Жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырабыз

Улуттар аралык кастыкты козутууга бөгөт коюу жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына шек келтирүү фактыларын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан республиканын аймагында, өзгөчө 2022-жылдын 9-майында Улуу Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгын белгилөө үчүн өткөрүлүүчү иш-чаралардын катышуучуларынын арасында чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Россиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 05 04 at 07.10.54 ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат


Бишкек шаарынын “Дордой”, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” ири базарларынын жана соода борборлорунун, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, бул багыттар боюнча Интернет булактарында ар дайым мониторинг жүргүзүлүүдɵ.

WhatsApp Image 2022 05 04 at 07.10.53 ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат


Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоолору боюнча 3 факт аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу) боюнча жоопкерчиликтин каралгандыгы жана 5500 сом айып салынаары эскертилүүдө.


Кыргыз Республикасынын аймагында 80 ашуун улуттардын өкүлдөрүнүн жашай тургандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарыбызга улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар-кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштайт. Аталган аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтердин каралгандыгын эскертет.

ИИМдин Басма сөз кызматы