Акылбек Жапаров дарылануу үчүн Германияга учуп кетти

Акылбек Жапаров Германияга учуп кеткендигин Вulak.kg редакциясына Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Акылбек Жапаров дарыланып жаткан жеринен чыккан.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган жана ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу кептер айтылган.

Бирок президент Садыр Жапаров бул сөздөрдү төгүндөгөн.