Көлдө кургак чөптөн өрт чыгып, беш гектар жер өрттөндү

0
14

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 163 чакырымында кургак чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 163 чакырымындагы жээкте кургак чөптөр жана токойлор күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Балыкчы шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүүчү унаа жана 22 куткаруучу тартылган.

Өрт чектөө саат 15:02де алынып, 21:17 толук өчүрүлдү. Жалпы 5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.