Базар-Коргондо жол кырсыгынан эки адам каза тапты, анын бири 2021-жылы туулган наристе

2-май күнү саат 18:30 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырымында, Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан Жалал-Абад шаарынын тургуну 1961-жылы туулган А.К., «Митсубици» унаасы менен жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан Ноокен районунунун тургуну 1990-жылы туулган П.Д. башкаруусунда «Хонда-Степвагон» менен кагылышкан.

WhatsApp Image 2022 05 03 at 15.53.52 1 Базар-Коргондо жол кырсыгынан эки адам каза тапты, анын бири 2021-жылы туулган наристе

Натыйжада «Митсубици» унаасынын айдоочусу жана «Хонда-Степвагон» унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган наристе окуя болгон жерде, алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

WhatsApp Image 2022 05 03 at 15.53.52 2 Базар-Коргондо жол кырсыгынан эки адам каза тапты, анын бири 2021-жылы туулган наристе


Ал эми «Хонда-Степвагон» унаасынын айдоочусу 1990-жылы туулган П.Д., жана анын жүргүнчүлөрү 1981-жылы туулган А.И., 1969-жылы туулган А.А., 1993-жылы туулган А.С., 1983-жылы туулган Ж.М., 2013-жылы туулган Т.К., 1987-жылы туулган М.Э., 1988-жылы туулган С.Н., 2019-жылы туулган Т.Ф., 2017-жылы туулган А.А. райондук ооруканага жаткырылган.

WhatsApp Image 2022 05 03 at 15.53.52 3 Базар-Коргондо жол кырсыгынан эки адам каза тапты, анын бири 2021-жылы туулган наристе


Ошону менен эл аралык, шаар аралык каттамдарда эл ташуу менен алектенген оң рульдуу Хонда-Степвагон (минивэн) транспорт каражатынын катышуусунан 2 адам каза болуп 10 адам жабыркады.
ЖКККББы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет:

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурларда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана так аткарууга милдеттүү, жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы