Көл-Төр айылында милициянын участкалык уполномоченныйына кызматтык үйүн тапшыруу аземине, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Канат Джумагазиев, КР Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев жана Тоң РИИБдин жетекчилиги катышты.
Канат Джумагазиев жергиликтүү тургундарга, милициянын участкалык уполномоченныйын тааныштырып, кызматтык үйдүн ачкычын тапшырды. Анда милиция кызматкерлеринин жумуштарын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген Тоң районунун жергиликтүү бийлигине ыраазычылыгын билдирип ардак грамоталары жана баалуу белектерин тапшырды.
Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Канат Джумгазиев, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү жумуштарын жер-жерлерде күчөтүүнү колго алуу зарыл болуп келгенин айтып, жаңы участковыйдын ушул айыл аймакта жашап иш алып барышы маанилүү экендигин белгиледи.
Мындан ары коопсуздук жана кандайдыр бир ички иштер органдарына тиешелүү маселелер жеринде чечилээрин белгилеп, милициянын участкалык уполномоченныйына 24 саат бою кайрылуу мүнкүчүлүгү бар экендигин кошумчалады.