Көл-Төр айылында милиция кызматкерине кызматтык үй тапшырылды

Көл-Төр айылында милициянын участкалык уполномоченныйына кызматтык үйүн тапшыруу аземине, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Канат Джумагазиев, КР Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев жана Тоң РИИБдин жетекчилиги катышты.  

0V5A2082 Көл-Төр айылында милиция кызматкерине кызматтык үй тапшырылды


Канат Джумагазиев жергиликтүү тургундарга, милициянын участкалык уполномоченныйын тааныштырып, кызматтык үйдүн ачкычын тапшырды. Анда милиция кызматкерлеринин жумуштарын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу  шарттарды түзүп берген Тоң районунун жергиликтүү бийлигине ыраазычылыгын билдирип ардак грамоталары жана баалуу белектерин тапшырды.

0V5A2122 Көл-Төр айылында милиция кызматкерине кызматтык үй тапшырылды
0V5A2081 Көл-Төр айылында милиция кызматкерине кызматтык үй тапшырылды

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Канат Джумгазиев, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү жумуштарын жер-жерлерде күчөтүүнү колго алуу зарыл болуп келгенин айтып, жаңы участковыйдын ушул айыл аймакта жашап  иш алып барышы маанилүү экендигин белгиледи.

0V5A2282 Көл-Төр айылында милиция кызматкерине кызматтык үй тапшырылды

Мындан ары коопсуздук жана  кандайдыр бир ички иштер органдарына тиешелүү маселелер жеринде чечилээрин белгилеп, милициянын участкалык уполномоченныйына 24 саат бою кайрылуу мүнкүчүлүгү бар экендигин кошумчалады.