Түрмөдө отурган адам башка бирөөнүн атынан насыя алган

Токмокто абакта отурган адам башка бирөөнүн атынан насыя алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милициясына 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, март айында анын атынан кимдир бирөө 10 миң сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген. Алдамчылыкка шектелген жарандын өздүгү такталып, кылмышка шектүү делип абакта жаткан 1999-жылы туулган Б.У. аныкталган.

«Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн шектелген адам Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, башка аймактарда да ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыктары текшерилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.