1-майдан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт

2022-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан маалымдашты.

«1-майдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушун талап кылуу жокко чыгарылды. Мындай чечим Кыргызстандын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда бүгүнкү күнгө карата республикадагы коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкты эмдөөнү улантуу тапшырылды.