«Кумтөрдү» жаңы кеңсеге көчүрүү – заман талабы  

«Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсеси көчүрүлөрү коомдо болуп жаткан башка окуялардан кем калышпай талкууга түштү. Документтерди, тийиштүү жабдыктарды жана буюм-тайымдарды бир кеңседен башкасына көчүрүү сымал катардагы окуя чоң кызыгууну жаратып жатат. Андыктан көчүрүүнүн себептерин сураштырып, суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.

Негизи «Кумтөр» башынан эле коомчулуктун көңүл чордонунда. Буга анын улуттук экономика үчүн маанилүү экени, алтын кенинин оңой эмес тарыхы жана ага байланыштуу окуялар себепкер. Алгач, бир жагдайды белгилей кетүү керек: соцтармактарда бир-эки блогер «окуяны» атайылап көбүртүп-жабыртуу менен алек.

«Кумтөрдүн» азыркы кеңсеси кайда?

Алтын кени Ысык-Көлдө тоонун башында жайгашканы баарына белгилүү. Бирок бухгалтерия, кадрлар бөлүмү, администрация, кенди керектүү материалдар, запастык бөлүктөр жана азык-түлүк менен камсыздоого жооптуу башка көптөгөн кызматкерлер Бишкекте иштешет. Компаниянын Бишкектеги офиси көп жылдан бери кеңсени «Учкун» мамлекеттик концернинен ижарага алып пайдаланарын баары эле биле бербейт. Ал Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги он алты кабат имарат, союз учурунда салынган. Анда «Кумтөрдөн» башка ондогон фирма, компаниялар топтолгон.  

0e6c844f 983d 460c ba15 046e340dc0b6 «Кумтөрдү» жаңы кеңсеге көчүрүү – заман талабы  

Эмнеге көчүп жатышат?

«Учкундун» имараты сексенинчи жылдары курулуп, убагында офистер үчүн мыкты имарат болгон. Бирок кызматкерлерди кабинеттерге бөлүп отургузуу ыкмасы азыр эл аралык стандарттарга жооп бербейт, жумуш процессине ылайыксыз. Мындан сырткары, имарат эски болгондуктан электр жарыгы, желдетүү, суу түтуктөрү жана канализация боюнча көйгөйлөр бар.

«Кумтөр» имараттын жогорку кабаттарында орун алган, бирок имараттагы үч лифттин экөө гана иштейт, кээде алар да бузулуп калат. Имаратка кирип-чыккандардар көбөйгөн сааттарда лифттин жанында узун кезек пайда болуп турат. Ал эми эң негизги маселе – орундардын жетишсиздиги. Жалпысынан Бишкектеги кеңсенин жамааты 345 адамдан турат. «Учкундагы» стандарт кабинеттер бишкектиктер жакшы билген 104-сериядагы батирдин залынан  бираз кичирээк. Алты-жетиден, айрым иш бөлмөлөрдө тогуздан киши отурат. Санитардык эреже бузулуп, мындан сырткары жумуш үчүн ыңгайсыз дагы.

Азыр «Кумтөр» «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин башкаруусунда турат. Холдингдин алкагында жаңы кендер иштелип чыгып, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылары белгилүү. Бул долбоорлордун ар бири үчүн жооптуу кесипкөйлөрдүн командасына да  иштей турган орун керек.  Жакынкы аралыкта холдинг тоо өндүрүш долбоорлору боюнча 50дөн 70ке чейинки сандагы адисти, суу энергетикалдык долбоорлор боюнча 30-40 адисти, инфраструктуралык долбоорлор үчүн 40тан ашык адисти тартууну пландап жатат. Андыктан жаңы, кенен жана заманбап кеңсеге көчү  — объективдүү процесс.

06b74ec0 b9ea 4a3d 92ee 97565b1c8535 «Кумтөрдү» жаңы кеңсеге көчүрүү – заман талабы  

Жаңы кеңсе кайда орун алат?  

Жаңы кеңсеге «Кумтөрдүн» да, холдингдин да кызматкерлерин жайгаштырса болот. «Учкундун» тар кабинеттеринин ордуна жетекчилер менен кызматкерлер чогуу, ошол эле убакта ыңгайлуу иш алып барууга ылайыкташтырылган кеңири open space структура сунушталды. Мындай ыкма менеджерлердин да, кызматкерлердин да ишинин өндүрүмдүүлүгүнө эффективдүү таасир берери мурда эле далилденген. 

Жаңы кеңсе холдингдин макамын белгилеп, бизнестин заманбап талаптарын эске алуу менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жүргүзүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга шарт  түзүп, холдингдин имиджине таасир этет. Ушул себептен дагы компания жана холдинг үчүн кеңсеге жарай турган имарат табуу чечими кабыл алынган.

Бул багытта чындыгында чоң иштер жүргүзүлгөндүгүн бегилеп кетүү керек. Ондогон варианттар жана даректер каралды. Бирок алардын баары тийиштүү талаптарга туура келген жок. Айрымдары ыңгайсыз жерде жайгашкан, кээ бирлеринин унаа токтотуучу жери жок, башкаларынын аянты абдан кичине.

Жыйынтыкта Панфилов 178 дарегинде жайгашкан бизнес-борбор бардык параметрлери боюнча туура келип, тандалып алынды.

Биринчиден, шаардын административдик борборуна абдан жакын. Бул жагдай компания үчүн маанилүү, себеби өнөктөштөр, жабдуучулар жана бийлик органдарынын өкулдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушуулар болуп турат.

Экинчиден, чоң жана пайдалуу аянтка ээ. Имарат иш орундарын мүмкүн болушунча натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет. Буга кошумча заманбап коммуникацияларды, жабдууларды жана, албетте, өрт коопсуздугу системасы жакшы.

8ebed70b 7f9a 49d6 aef1 288e9acecd23 «Кумтөрдү» жаңы кеңсеге көчүрүү – заман талабы  

Ижара канча турат?  

Шектенип жаткандардын суроолоруна жооп катары айтып өтсөк, шаардын чок ортосунда жайгашкан имараттын ижарасынын наркы «А» класстагы бизнес-борбордун деңгээлине ылайык. Салыштыруу ирээтинде кошуна жайгашкан имараттардын кеңселерин алсак алардын ижара наркы бир жарым, эки эсе жогору, аянттын бир чарчы метри үчүн 1700 сомдон 2520 сомго чейин төлөшөт.

Айтмакчы, «Центерра Голддун» кеңсеси үчүн 2021-жылы 25,8 миллион АКШ доллары, ал эми 2020-жылы 27,2 миллион доллар сарпталган.