Дүйнөлүк банк экономиканы калыбына келтирүү жолунда Кыргызстанды колдойт

Дүйнөлүк банк тобунун эксперттери Кыргызстан үчүн негизги тобокел инфляция жана жакырчылык деңгээлинин өсүшү экенин аныктаган.  5-октябрда өткөн Бишкек экономикалык форумда жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Украинада болуп жаткан чыр-чатактын кесепеттерин кантип жумшартуу керек жана бул иште Дүйнөлүк банктын ролун талкуулашты.

Форум Дүйнөлүк банк менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгына туш келди.

Президенттин Аппаратынын Саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов Кыргызстандын 30 жылдагы өнүгүшүнө токтолуп, “Бардык мамлекеттер экономиканы куруп жатса, Кыргызстан демократияны куруп жатат”, – деди.

Мындан тышкары, ал “Азыр биз жаңы кризистик шарттарда экономиканы кантип кура аларыбызды түшүнүүгө аракет кылып жатабыз. Бизде азыр экономикада колдонуу мүмкүнчүлүгү бар реалдуулуктар бар. Санариптик, креативдүү, гендердик жана жашыл экономика, каржылоонун исламдык принциптери Кыргызстанга ИДПнын жогорку өсүшүн камсыздай алат. Мындай шартта биз экспортту өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга басым жасашыбыз керек”, – деген пикирин айтты.

Исанов Кыргызстан үчүн өлкөнүн өнүгүшү ИДП жана инфляция гана эмес, адамдык маанай, келечектен күтүү жана стресске туруктуулук экенин баса белгиледи.

Жыл башындагы алынган экономикалык өсүштүн болжолу терс болсо да, президент Садыр Жапаров алдыга койгон милдеттер менен бирге өлкөнү экономикалык жогорку көрсөткүчтөргө алып келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев форумдун ачылышында билдирди. 

“Ушул жылдын сегиз айында эч кандай жаңы салык киргизбестен, салыктык башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен гана биз төлөмдөрдү 54%га көбөйтүүгө жетиштик. 2022-жылы бюджеттин консолидацияланган кирешеси 424 миллиард сом жана 2023-жылы 500 миллиард сом көлөмүндө күтүлүүдө”, – деди ал.

Ал өлкөнүн ийгилиги Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык өнөктөштөрдүн сунуштары менен да байланыштуу экендигин моюнга алды.

Бирок, Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөргө карабастан, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде айым өлкөдөгү белгисиздиктин жогорку деңгээлинен улам, орун алган тобокелдиктер дагы эле өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт.

“Биз Кыргызстанга карата болжолубузду кайра карап чыгып, көрсөткүчтөрдү жакшырттык. Бирок Украинадагы окуялардан улам аймакта дагы эле чоң белгисиздикти көрүп жатабыз. Биз негизинен инфляциянын өсүшүн жана бул факторго байланыштуу элдин кооптонуусун көрүп жатабыз. Ошондуктан, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү калктын бардык катмарын камтышы жана алардын кирешелерине таасирин тийгизиши өтө маанилүү”, – деп баса белгиледи Анна Бьерде.

Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Аксел ван Тротсенбург инфляциянын кесепеттерине токтолду. Ал дүйнөдө акыркы 40 жылда мынчалык деңгээлде инфляция болгон эместигин тастыктады.

“Инфляция оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Анткени инфляция калктын аялуу катмарына таасир этет. Ал канчалык жогору болсо, жакырлар ошончолук азап чегип, жакырчылыктын деңгээли жогорулайт”, – деди Аксел ван Троценбург.

Дүйнөлүк банктын жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартуу боюнча глобалдык практика департаментинин менеджери Салман Заиди мырзанын “Кыргызстандагы жакырчылык жана аялуу катмар: тенденциялар жана чакырыктар” баяндамасына ылайык, бул багытта Кыргызстан акыркы жети жылда олуттуу натыйжаларга жетишти. Монетардык жакырчылыктын деңгээли 2013-жылдагы 37%дан 2019-жылы 20%га төмөндөдү.

“Бул аралыкта 800 миңден ашык адам жакырчылыктан чыкты. Бирок Кыргызстанды жакырчылык боюнча башка өлкөлөр менен салыштырсак, анда абалы начар болуп кетиши мүмкүн. Бул Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан калктын жашоо деңгээлине коюлган жогорку талаптарга байланыштуу”, – деди Зейди мырза.

Бирок кайра жакырчылыкка түшүү коркунучу бир топ жогору. Дүйнөлүк банктын глобалдык практика департаментинин менеджеринин айтымында, мунун негизги фактору жумушсуздук болуп саналат. Буга байланыштуу аялдар иштеген үй-бүлөлөр жакырчылыкка көбүрөөк туруштук беришет.

Кыргызстандын экономикасына аялдардын кошкон салымы жөнүндөгү маселеге маанилүү орун берилди. “Курак” аялдар форуму коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Айнура Сагынбаева өз сөзүн ушул темага арнады. Ал айрыкча Кыргызстанда аялдарды мамлекеттик колдоо жана аларды экономикага тартуу биринчи жолу кабыл алынганын баса белгиледи. Өз кезегинде Анна Бьерде Дүйнөлүк банктын атынан Кыргыз бийлигинин мындай чечимин кубаттады. Бул тең укуктуу коомду курууга жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал эми Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Аксель ван Тротсенбург банк Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстан региондогу кыйынчылыктарга жалгыз туруштук бере албайт. Аксел ван Тротсенбург Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен биргеликте жакынкы беш жылга кызматташуунун алкактык стратегиясын иштеп чыгууну жарыялады.

Форумда көтөрүлгөн темалардын көбү келечектеги кызматташуунун негизин түзөт.

“Өнөктөштүк стратегиясын иштеп чыгуу үчүн бардык кызыктар тараптардын: өкмөттүн, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун сунуштарын угуу биз үчүн өтө маанилүү. Анын негизинде жакынкы беш жылда Кыргызстанга 600 миллион АКШ долларын бөлүүнү пландап жатабыз”, – деди Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Аксель ван Тротсенбург.

Ал Дүйнөлүк банк тобу 30 жылдан бери Кыргызстан менен ишенимдүү кызматташып келгендигин эске салды. Дүйнөлүк банк 30 жыл ичинде Кыргызстанга 2,7 миллиард АКШ доллары каржылык жардам көрсөткөн.

Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Кыргызстандын министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тобу Бишкекте биринчи жолу Бишкек экономикалык форумун өткөрдү. Форумда Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга жана трансормациялык өзгөрүүлөргө мүмкүндүк бере турган артыкчылыктуу реформалар туурасында кеп козголду.