УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды

                                                                     
                                                            Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А.  уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

   Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

   Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
5f395505 5abc 4c57 8d24 cfd7c91e9814 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды
260f32fc 1896 4cdc b8f7 f39b568b853a УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды
be8c30dc 163b 459e bbde 18fd04ff2742 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды