Бишкекте мектептин кыздары мушташкан дагы бир видео тарады

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучунун ата-энеси айыпка жыгылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга шаардык балдар ооруканасынан 2010-жылы туулган окуучу кыз бейтапканага бети көгала болуп түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Териштирүү учурунда аны башка окуучу кыз ур-токмокко алганы аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 4-класстын окуучусунун ата-энесине Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси («Ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу») менен протокол түзүлүп, миң сом айыппул салынган.

Буга чейин Бишкектеги №6 кичи районунун сейил багында 4-класстын окуучусу экинчисин сабап жатканы тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Андан соң ушул эле кыз дагы башка бирөө менен чачташып жаткан видеосу тарады.