ЭлТР телеканалынын кызматкери жол кырсыктан көз жумду

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

406067 2 1 ЭлТР телеканалынын кызматкери жол кырсыктан көз жумду

Маалыматка ылайык, кырсык 27-апрель күнү саат 16:50 чамасында катталган. Кемин районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну Опель Зафира кызматтык унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды (айдоочусу К.Б., 1975-жылы туулган, Бишкектин тургуну) артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Опель Зафира унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошол эле жеңил унаанын эки жүргүнчүсү 1976-жылы туулган И.К. жана 1977-жылы туулган М.К. жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

«Каза болгон адам ЭлТР мамлекеттик компаниясынын кызматкери болгон. Жол кырсыгы каттоого алынып, унаалар айып короосуна токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.