“Илон Маск, Кыргызстанды дагы сатып алчы?”. Ырчы Кайрат Примбердиевдин кайрылуусу талкуу жаратты

Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жакында эле Твиттер тиркемесин сатып алган миллиардер Илон Маскка кайрылды.

Кайрылууда ал, “Илон Маск, сен Кыргызстанды сатып алып, жаңылачы деген.

Колдонуучулар мындай билдирүүнү жаман кабыл алып, кызуу талкуу жаратты.

Кыргыз жарандары ырчыны жарандыгынан ажыратып, өлкөдөн чыгарып салууну талап кылып жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин да ырчы Курал Чокоевдин берүүсүнө барып, жагымсыз жагдайга кабылып, сынга кабылган.