Тергөө жана Кылмыш иликтөө кызматкерлери үчүн cеминар болду

ИИМ: Тергөө жана Кылмыш иликтөө кызматтарынын кызматкерлери үчүн ички иштер органдары тарабынан зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган семинар өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 04 27 at 15.29.03 Тергөө жана Кылмыш иликтөө кызматкерлери үчүн cеминар болду

2022-жылдын 19-апрелинен 26-апрелине чейин ички иштер органдары тарабынан зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган Тергөө жана Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери үчүн бир күндүк 6 семинар өткөрүлдү.


Азыркы учурда зомбулукка кабылган аялдар жана балдар үчүн укуктук тартипти жана сот адилеттигин коргоо чөйрөсүндө базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттуу жол-жоболор, тергөө жана кылмыш иликтөө кызматтарынын кызматкерлери үчүн иштелип чыгып бекитилди.
Семинардын негизги максаты Тергөө кызматынын жана кылмыш иликтөө кызматынын ишмердигине бул стандарттарды практикалык киргизүү болуп эсептелинет. Стандарттык жол-жоболор эл аралык деңгээлде иштелип чыккан жана аялдардын жана балдардын жашоо укугу, ден-соолук укугу, коопсуздук жана кылмыштуу кол салуулардан коргоо укугу, басмырланбоо укугу, сот адилеттигине жана коргоого жетүү укугу сыяктуу негизги укуктарын камсыз кылууга багытталган.

WhatsApp Image 2022 04 27 at 15.29.03 1 Тергөө жана Кылмыш иликтөө кызматкерлери үчүн cеминар болду


Катышуучулар зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн негизги принциптерин жана стандарттарын изилдешти. Өзгөчө көңүл жабыр тарткандар менен алгачкы байланыш стандарттарына, өзгөчөлүктөрү жана майыптыгы бар аялдар жана балдар, ошондой эле бир нече басмырлоонун башка түрлөрүнө бурулду. Катышуучулар аялдарга жана балдарга карата жасалган гендердик кылмыштардын жалпы мүнөздөмөсү менен таанышып, жаңы мыйзамдардын процесстик өзгөчөлүктөрүн изилдешип, тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн семинардын атайын сессиялары гендердик кылмыштарды иликтөөдө соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө жана соттук-биологиялык экспертизанын өзгөчөлүктөрүнө арналды. Ал эми, Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери гендердик зомбулукка кабылган жабырлануучуларга базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча кылмыш иликтөө аппараттарынын иш-аракеттеринин алгоритми, ошондой эле адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра багыттоонун Улуттук механизмине ылайык адамдарды сатууга жана аларга жардам көрсөтүүгө байланыштуу кылмыштарды ачуу менен таанышышты.


Семинарлар Ички иштер министрлиги тарабынан “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” Коомдук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Бириккен Улуттар Уюмунун жана “Луч света” Европа Биримдигинин биргелешкен демилгесинин алкагында өткөрүлдү.


Бир күндүк алты семинарга Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй жана Ош облустарынын тергөө бөлүмдөрүнүн жана кылмыш издөө кызматынын 140ка жакын кызматкерлери катышты.
Аталган семинарга тренер катары Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Макилов Султан Бейшенбекович, ИИМдин кылмыш издөө башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Джумабаев Марлис Жумабаевич, Толонбаев Улукбек Сайтбекович, ИИМдин Академиясынын Кылмыш-жаза укук кафедрасынын ага окутуучусу, Асылбекова Айнура Спартаковна, КР соттук-медициналык экспертиза республикалык бюросунун соттук-медициналык эксперти, ошондой эле КИДП КФнын өкүлдөрү Л. К. Илибезова жана Е. и. Карпович болушту.