Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте курман болгон жарандарды эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү, тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды!

Ошол каргашалуу күндөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет.

Бирок бул башка түшкөн оор сыноо элибиздин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөдү. Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү.

Мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин эгемендигин сактайм деп ант берген жоокерлерибиздин, калк башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган мекендештерибиздин көрсөткөн эрдигин баса белгилеп айтып кетүү менин парзым деп билем. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!

Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу Баткен жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Жалпы кыргызстандыктар ата-бабалардан келаткан улуу биримдигин дагы бир жолу тастыкташты, өлкөбүздүн чар тарабынан “Баткеним – менин жүрөгүм” деген ураан астында Баткенге жардам көрсөтүп жатты. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алып беришти.

Элимдин ушундай кыйынчылыктарда мүңкүрөп калбаган, чөгүп кетпеген эр мүнөзү менен асыл сапаттарына мамлекет башчысы катары да, жөнөкөй инсан катары да башымды ийип, таазим кыламын!

Бул жерде мекенчил ишкер азаматтарыбыздын, чет-өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин жапа чеккен жарандарыбызга олуттуу жардам көрсөткөндүгүн да өзгөчө белгилеп кетейин. Элибиздин жана өлкөбүздүн ушундай “Ырыс алды – ынтымак” деп, жапа тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө да үйлөр курулуп тапшырылды. Ошону менен бирге куралдуу кагылышта өрттөлгөн, талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүүдө боордош Түркия мамлекетинин, белгилүү ислам кайрымдуулук фонддорунун жана башка көптөгөн уюмдардын жакындан жардам көрсөтүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары, канатташ Өзбекстан Республикасы бир туугандыктын жана достуктун үлгүсүн көрсөтүп, Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу заманбап орто мектептин имаратын бүтүрүп пайдаланууга берди, ушундай эле экинчи мектепти Баткен районунун Самаркандек айылында тапшыруу алдында турат.

Ардактуу агайын-туугандар!

Кагылышуунун кесепеттерин тездик менен жоюу максатында 2021-жылдын 4-майында “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыкты кабыл алганымды билесиздер. Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүн кызматка дайындадым.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 10-сентябрында Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди. Бул мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды.

Аталган мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады.

Андан сырткары, облус боюнча стратегиялык маанидеги 8 жолдун курулуш иштерине 250 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 млн сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет.

Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат!

Кадырлуу кыргыз калкым!

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти.
Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар.

Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилеп айта кетейин. Буга менин саясий эрким жетет.

Ошол эле мезгилде кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук көрсөтүү менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздап алалы. Жараткандан өткөн жылдагыдай каргашалуу окуялардын кайталанбоосун, элибиз, журтубуз аман-эсен, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүн болушун тилек кылалы!”.