Бишкекте көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай курулат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жайлар боюнча алар кайда жайгашканы, канча адам унаасын токтотору жана башкалар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

“Жолдорду кеңейтсек айдоочулар жолдун жээгине унааларын токтото беришет. Ошентип, кайра эле жолдор тарый берет. Биз бул менен маселе чечилбей турганын түшүнүп, көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жайларды куралы деп пландап жатабыз.

Борбордо турак үйлөрдүн арасына салынган бир катар унаа токтотуучу жайлар бар, бул мыйзам бузуу болуп саналат. Биз аларды шаардын сыртына көчүрүү керек деген чечим кабыл алдык, ал эми алардын ордуна ошол эле компанияларга көп кабаттуу акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай курууну сунуштадык. Бул долбоор учурда иштеп чыгуу баскычында турат”, — деди Бишкектин мэри.