Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-класстагы билеттер үчүн 152,8 миң сом ашыкча төлөгөн

Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-класстагы билеттер үчүн 152,8 миң сом ашыкча төлөгөн.

Мындай карыжылык бузууларды Эсеп палатасы 2019-2020-жылдар аралыгында аталган бөлүмдө жүргүзүлгөн аудитте текшергенде таап чыгышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, мындан сырткары 128,6 миң сомдук каражаттардын чыгымдалышы боюнча мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Райондор аралык башкармада «эмгек акы» беренесинин эсебинен төрт кызматкерге акчалай бир жолку сыйлыктар жана материалдык жардамдар негизсиз төлөнүп берилген.

Мындан тышкары, негизсиз үстөк төлөмдөрү 2019-жылга 581,2 миң сомго, 2020-жылга 330,6 миң сомго аткарылган.

“Отурумдун жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынып, Эсеп палатасынын аудит объектилерине мындан аркы ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамалары жөнөтүлдү”,-деп билдирет Эсеп палатасы.