Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу «Азаттык» өздүк булактарына таянып жазды.

Азырынча президенттин администрациясы менен басма сөз кызматы буга байланыштуу комментарий бере элек.

Соңку учурда айрыкча социалдык тармактарда өкмөт башчы алмашары тууралуу сөздөр көп айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу сөздөргө учкай комментарий берген. Анда «ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай», деп жазган.

Буга чейин, февраль айында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт”, деп маалымат тараткан.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган жана ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу сөздөр маал-маалы менен чыгып жатат.