Токтогул районунда 5 кг. ашуун “гашиш” баӊгизатын сатып жаткандар кармалды

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына ИИМден билдиршти.

2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын Жалал-Абад областык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад ОИИБна Токтогул районунда «Кылыч» аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат катталган.


Бул маалымат боюнча 2022-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

11bd9f18 cbd1 4492 a1ff c810639bdaaf Токтогул районунда 5 кг. ашуун “гашиш” баӊгизатын сатып жаткандар кармалды


Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 13-апрель күнү кылмыш иши боюнча Токтогул районунун «Кылыч» аттуу атуул 1600 сомго 70 гр. гашиш баңгизаты сатып алынган.
Ошондой эле, 2022-жылдын 14-апрель күнү жогоруда көрсөтүлгөн атуул шарттуу сатып алуучуга 2000 сом акчага 110 гр. гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан.
Ал эми, 2022-жылдын 16-апрель күнү Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунда жайгашкан май куйуучу жайынын жанында Токтогул районунун тургундары 2001-ж.т. А. уулу К. менен 1990-ж.т. Ж.С. 100 000 (жүз миң) сомго 5 кг. 360 гр. гашиш бангизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан.


Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу ылайык баңгизаттардын таза салмагы 5 кг. 540 гр. болгон “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган.
Кармалган жарандар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышып Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

769e7909 b59d 4e71 b93b 3b0464ad4be8 Токтогул районунда 5 кг. ашуун “гашиш” баӊгизатын сатып жаткандар кармалды
YouTube video