Тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, – ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 27–апрелинде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.