Телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт

0
15

Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан, ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргызстандын Республикасынын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.

Мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо өлкөгө алынып келинүүчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде экономикалык ишмердик жүргүзүүчү субъекттерди көмүскөдөн чыгарууга да оң таасирин тийгизет.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.