Алдамчы стоматолог ооруканадан качып кетип, кайра Аламедин-1 кичирайонунан кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир күн мурун ооруканадан качып кеткен убактылуу кармоочу жайга камалган жаран кармалды.

Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматынан кармалышты.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 20:00 чамасында буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган 1997-жылы туулган Э.Н. Улуттук хирургия борборунан качып кеткен.

Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кыска мөөнөттө Э.Н. Аламедин-1 кичирайонунун аймагынан кармалды.