Кувейт Кыргызстандын тигүү өнөр-жайынын продукцияларын, эт, жашылчаны импорттоого кызыкдар

0
20

2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Соода, өнөр-жай палатасынын Башкы директорунун орун басары Эмад Аль-Заид мырза менен жолугушту.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи А.Карагулов Эль-Кувейттеги Элчиликтин ишмердүүлүгүнө токтолуп, экономикалык дипломатияны жана анын негизги багыттары катары Кувейт менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү милдеттерин белгиледи. Ал Кувейтте Кыргызстандан келген тамак-аш азыктарын сертификациялоо иштеринин аякташы, эт, балык жана бал өндүрүмдөрүн жеткирүүдөгү ийгиликтүү тажрыйба, жалпысынан эки өлкөнүн жеке секторунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейгени тууралуу Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз каттамдардын ачылганына шилтеме кылуу менен айтып берди.

Өз кезегинде башкы директордун орун басары Э.Аль-Заид Кувейт Мамлекетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк менен камсыздоону диверсификациялоо боюнча милдеттерине токтолуп, ушуга байланыштуу Кыргызстандан эт, сезондук жашылча-жемиштерди импорттоого өзгөчө кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын тигүү өнөр-жайынын продукцияларына, атап айтканда, табигый жүндөн, булгаарыдан, пахтадан жана жибектен жасалган өндүрүмгө кызыга турганын билдирди.

Муну менен катар Кувейттин Соода, өнөр-жай палатасынын делегациясынын Бишкекке иш сапарынын убактысы жана азык-түлүк товарларын жеткирүүгө адистешкен бизнес чөйрөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Э.Аль-Зайд Кыргызстандын өндүрүшчүлөр делегациясынын Кувейтке болгон иш сапарын кубаттап, ал үчүн атайын продукциялардын көргөзмө-жарманкесин уюштурууга, ошондой эле Эль-Кувейт шаарында туруктуу иштей турган кыргыз көргөзмө залын ачууга көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.