Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду

0
17

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.

Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө.

Көлдүн сууну коргоо зонасында жер участоктору рекреациялык гана эмес, чарбалык максаттарда да активдүү өздөштүрүлүүдө. Көлдүн жээгин жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик поселоктор, конок үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тарабынан иш жүзүндө ээлеп алып, курулуш жүргүзүлүп жатат, Ысык-Көлдүн суусунан 500 жана 100 метр жакын аралыкта рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга, пайдаланууга жана корголуучу ландшафттардын зонасына бардык түрдөгү объекттерди жайгаштырууга тыюу салуу одоно бузулган.

Көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объекттер канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес, бул рекреациялык региондун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Жылдан жылга республикалык жана жергиликтүү бийлик органдары аталган рекреация объекттерине сезонго уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алат, бирок жыйынтыгында алар иштеп, киреше табууну улантууда.

Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы канализация жана саркынды сууларды тазалоо курулмалары көп жылдык эксплуатациялоонун жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында жараксыз болуп калган, өзүнүн функциясын аткарбай, агындыларды механикалык тазалоону гана жүргүзөт. Мунун бардыгы Ысык-Көлдүн сууну коргоо зонасы үчүн кошумча экологиялык тобокелдиктерди жаратат.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча мыйзамдардын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы негизинен алганда көзөмөлдөнбөйт жана эч ким тарабынан контролдонбойт.

Шаар куруу жана рекреация объекттеринин аймагын көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү экологиянын талаптарын жана ченемдерин этибарга албоо негизинен алганда мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын жана “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын аймагын шаар курууну өнүктүрүү боюнча башкы пландардын иштебей жатышын шарттайт. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл мурдагыдан да коргоого жана аяр мамиле кылууга муктаж.

Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

– Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;

– кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.

Ушул Жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– 2022-жылдын 1-июлуна чейин өзүнүн жыйналышында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Ысык-Көл облусунун шаарларынын мэриялары тарабынан аткарылуу маселесин карасын;

– 2023-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону;

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;

– 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү” комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
Программанын максаты – Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо.

Программанын милдеттери:

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;

– өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;

– Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;

– Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.