Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылды. Салтанаттуу аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы эки кабаттуу имаратта кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруу жана жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап шарттар түзүлгөн.

Эске салсак, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорду ишке ашырууга 140 миллион сом багытталган.