
2026-жылдагы ФИФА Дүйнө Кубогунун курамдары жарыялангандан кийин турнирде 40 жаштан ашкан 7 оюнчу футбол талаасына чыга турган болду.
Бул ири мелдеште ойной турган эң кары оюнчу — 43 жаш 162 күндүк шотландиялык дарбазачы Крейг Гордон болмокчу.
АКШ, Канада жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин өтө турган Дүйнө Кубогунда ойной турган 40 жаштан ашкан оюнчулардын арасында, мелдешке 6-жолу катышып жаткан 41 жаштагы португалиялык жылдыз футболчу Криштиану Роналду да бар.
Мелдешке катыша турган эң кары оюнчу болсо 43 жаш 162 күндүк шотландиялык дарбазачы Крейг Гордон болот.
Дүйнө Кубогунда орун ала турган 40 жаштан ашкан 7 оюнчу төмөнкүлөр:
- Крейг Гордон (Шотландия): 43 жаштагы тажрыйбалуу дарбазачы 2026-жылдагы Дүйнө Кубогунун эң кары оюнчусу болот.
- Криштиану Роналду (Португалия): 41 жаштагы жылдыз футболчу Дүйнө Кубогуна 6-жолу катышуу менен бул багытта тарыхый рекорд коюуга камданууда.
- Лука Модрич (Хорватия): 40 жаштагы жарым коргоочу өз өлкөсүнүн эң башкы куралдарынын бири катары мелдешке катышат.
- Мануэль Нойер (Германия): 40 жаштагы дарбазачы «немис машиналарынын» дарбазасын коргоо үчүн курамга кошулду.
- Эдин Джеко (Босния жана Герцеговина): 40 жаштагы чабуулчу өз өлкөсүнүн голдук чабуулдарын алдыга сүйрөөнү улантат.
- Гильермо Очоа (Мексика): Дүйнө кубокторунун легендарлуу 40 жаштагы дарбазачысы алтынчы жолу кожоюн өлкөнүн курамында орун алды.
- Возинья (Кабо-Верде / Жашыл Тумшук аралдары): 40 жаштагы дарбазачы өз өлкөсүнүн тарыхындагы бул алгачкы Дүйнө Кубогунун курамында бар.






