Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болду

Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанды 142 мамлекет колдоп, атаандашы болгон Филиппин 42 добуш алды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы маанилүү жетишкендик болуп саналат. Эми өлкө дүйнөдөгү коопсуздук, тынчтык жана эл аралык кризистерге байланышкан маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга катышат.