
5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынын ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 6-июндагы соңку маалыматына караганда, издөө иштери уланууда.
Мекеме билдиргендей, түнкү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркек жарандын сөөгү табылган. Ал эми экинчи адам изделүүдө.
Кырсыкка, ӨКМ билдиришинче, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору ураганы себеп болгон. Сел суусуна кошулуп баткак түрүндөгү ылай Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымына түшкөн жана эки машинени, эки кишини басып калган.
Куткаруу ишине жалпы 291 адам, сел жүргөн аймакка жалпы 20 инженердик техника тартылганы маалымдалды.






