Россия Кыргызстандан 21-апрелден тарта сүт азыктарын импорттоону токтотту

Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Россия 21-апрелден тарта сүт азыктарын импорттоону токтото турганын маалымдап, кабарлама жиберди. Бул туурасында ведомствонун сайтына жарыяланды.

Россельхознадзор 10-16-апрель күндөрү өлкөнүн сүт ишканаларын жана сырьё базаларын (ферма жана сүт чогултуучу пунктулар) текшерген. Инспекциянын жыйынтыгында өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары Россияга сатылчу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча эффективдүү иш алып барбаганы аныкталган.

Төмөнкүдөй эреже бузуулар табылган:

-мамлекеттик органдар тарабынын сапатка көзөмөлдүн жоктугу;

-сырьё кайдан алынарына байкоо салуу мүмкүн эмес;

-компаниялар сүттү документи жок колдонушат жана маркасы жок сакташат.

КРдин Ветеринардык кызматы бардык сүт ишканаларын кайра текшерип чыккандан кийин Россельхознадзор дагы бир ирет келип көрүп чыгат. Андан соң Россияга сатууну жандантуу маселеси каралат.