«Astro» балдар тобунун жылдызы Мунбиндин эмнеден көз жумганы айтылды

Сеулда түштүк кореялык «Astro» балдар тобунун жылдызы Мунбиндин (MoonBin) жансыз денеси үйүндө табылды. Ал 25 жашта болчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мунбинди 18-апрелге караган түнү менеджери Сеулдун түштүгүндөгү үйүндө тапкан. Менеджер ырчы менен байланыша албагандыктан анын үйүнө барганы айтылууда. Полиция Мунбин өз жанын кыйды деп эсептейт, анткени алар зордук-зомбулуктун эч кандай далилин таба алышкан эмес. Дагы бир вариант боюнча, анын жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан каза болгон.