Бүгүн бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Бүгүн, 27-апрелде саат 10:00дө Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында (Абдрахманов көч., 167) жумуш издегендер, ЖОЖдордун, колледждердин, профессионалдык лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты — жарандарды, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагы кызматтар жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Бош жумуш орундары жана кесиптер жарманкесине 2000ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б.у.с. тармактардан 50 ири компания катышат.