Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды алып салууну сунуштаган эмес

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштаганын ЖК комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирген.

«Балбак Түлөбаев регламентке «парламент Конституцияны өзгөртпөйт, министрлер кабинетинин республикалык бюджет боюнча отчетун укпайт» деп киргизүүнү сунуштады. Бирок бул норма Конституцияда каралгандыктан киргизе албайбыз», — деген Маматалиев.

Мындан көп узабай, депутат Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып жогорудагы сунушту айтпаганын айтты.