Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

WhatsApp Image 2022 04 26 at 12.05.30 Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясы «Илбирс» коомунун адистери жана «Эңилчек» заставасынын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Ак-Суу РИИБнин КБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 308-беренелери (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында «Сары-Жаз» сырт өрөөнүнүн 1975-жылы туулган Т.Р. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан күрөң аюунун 2 даана териси табылып, далил зат катары алынган.

WhatsApp Image 2022 04 26 at 12.03.11 1024x625 1 Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды

Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюунун терилери кайдан чыгышын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.