Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

0
23

УКМК: Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

2022-жылдын 21-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып  козголгон кылмыш ишинин алкагында, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык прибор менен Б.К.Т. аттуу Талас районунун тургуну кармалды.

 Ошону менен бирге, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.
 Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.