Болот Темировдун иши жыйынтыкталды, ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги маалымат берип жатат

0
19

 Тemirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата дагы кылмыш иши тергелип жатканын айткан.

Темиров 20-апрелде шаардык милицияга сурак берип чыкканы кабарланган.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы журналисттин иштери тууралуу маалымат таратып, Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Эске салсак, быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги Болот Темировго жана анын Тemirov LIVE компаниясында иштеген төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү») менен кылмыш ишин козгоп кармап, тил кат менен бошотулушкан.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.