“Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат”: Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбогондугун белгиледи

Али Токтакунов деген иликтегич электрэнергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

278891318 707489923736969 6720876742385309183 n "Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат": Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбогондугун белгиледи

Жапаровдун пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым болгон жок.

«Эч кандай басым-кысым жок. Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар.

Аларды билебиз. Алар — же кылмыштары бар, же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. Иликтесин, ичип-жегендер болсо бетин ачып беришсин, ал бизге да пайда жана жардам болот. Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса, экинчи тарап деле жөн олтурбайт да.

Мисалы, кечээ интернеттен өз көзүм менен көрдүм. Али Токтакунов деген иликтегич электрэнергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат»,-деп билдирген Жапаров.