Кыргызстандын медиа аракет Платформасы кайрылуу жасады

Кыргызстандын медиа аракет Платформасы Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылуу жасады:

Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым жасоо болуп көрбөгөндөй масштабга жетти! Журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер, маалыматка жетүү укугуна жана ой пикирлердин плюрализми болуусуна кайдыгер эмес адамдар куугунтуктарга кабылып камалууда, аларды тергөө жайларына салышып, кылмыш иштерине айыпташууда. Мамлекеттеги проблемаларды чагылдырган ЖМКларды жабуу максатында митингдер уюштурулуп, кол топтоо жүрүп жатат.

23-октябрда жекшемби күнү эртең менен жарандык активисттер менен журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүү жана кезектеги кармоо иштери башталды. Аларга КР Жазык кодексинин 36-278-беренелери боюнча айып тагылууда, тинтүү (алып коюу) жөнүндөгү токтомдо: «атап айтканда, кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча – зордук-зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктөрдү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүмдү колдонуу менен же бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык кылуу” көрсөтүлгөн. Жарандык көзөмөл комитетинин маалыматы боюнча, тинтүү жүргүзүүлөр жана алып коюулар тергөө судьясынын санкциясы жок жасалган! Үй-бүлөнүн чоң мүчөлөрүнүн аппараттары гана эмес, балдардын да телефондору, планшеттери жана оюн ойноочу шаймандары алынып коюлган.
Мындай тинтүүлөр жана кармоолор бийликтин аракеттерин сындаган жарандарды коркутуп үркүтүү жана кысым көрсөтүү болуп саналат. Алар Кыргызстандагы жарандык коомду жана маалымат каражаттарын куугунтуктоо саясатынын уландысы болуп калды. 2022-жыл бою бийлик тарабынан көз карандысыз маалымат каражаттары Темиров live, Next TV, Kaktus media, Kloop, Azattyk, блогерлер Адилет Али Мыктыбек, Ырыскелди Жекшеналиевге каршы репрессиялык аракеттер жасалды. Бүгүн бул тизме журналисттер Перизат Суранова менен Айданбек Акматов, Канышай Мамыркулова, Лейла Саралаева, укук коргоочулар Рита Карасартова менен Гүлнара Журабаева, активисттер Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов жана башка Кыргыз Республикасынын жарандарынын ысымдары менен толукталды.
Биз эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстанда жарандардын сөз эркиндигине жана пикирлердин плюрализмине, ачык билдирүүлөргө жана бийликтин адилетсиз аракеттерин сынга алуу фундаменталдык укугун сактоого жардам берүүгө чакырабыз. Коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматты алуу жана жайылтууга, коомдун жана мамлекеттин жашоосуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга катышуу укугун сактоого чакырабыз.

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн негизги алуучусу Кыргыз Республикасынын өкмөтү болгондуктан, алар сөз эркиндигинин жана жарандардын укуктарынын абалын жакшыртууга салым кошо алат. Кыргызстандыктардын укуктарын жана эркиндиктерин кыйшаюусуз сактоо — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө көп тараптуу жана эки тараптуу гранттарды бөлүүнүн шарты болуп калууга тийиш.

Эл аралык коомчулук азыркы кырдаалга абдан кылдат көңүл буруп, саясий куугунтукту токтотуу, анын ичинде камактагы журналисттерди, укук коргоочуларды, жарандык активисттерди токтоосуз бошотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт деген ишенимди билдиребиз.