Али Токтакунов: элди соргон мителерди безге сая бериш керек

Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз, Бул тууралуу «Медиахабдын» негиздөөчүсү Али Токтакунов билдирди.

«ЖК жыйынында депутат Надира Нарматова биздин журналист Асель Шамилованы сотко берем деп чамынып чыкты. Ал кечээ жарыялаган видеобузга катуу чычалап атат. Мен командировкада элем, Нарматовага байланыштуу фактчек дагы жумшагыраак болуп калыптыр. Мындан да катуу сынга арзый турган депутат өзү. Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз. Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык»,-деп жазды Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бүгүн, 15-июнда “МедиаХабдын” журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Ал журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айткан.