Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар менен иштөө алгоритми үйрөтүлдү


19-апрелден бери КРнын ИИМнин буйругунун негизинде ИИМдин КККнын бөлүм башчысы милициянын полковнги Адылова Нуржан жана Осмонова Жылдыз Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын милицияны участкалык инчпекторлоруна жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерин окутуу иштерин жүргүзүштү. 21-22 апрель күндөрү Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда райондук акимдер, прокуратура, айыл өкмөт башчылар, социалдык кызматкерлер, билим берүү мекемеси, медицина кызматынын жана ИИОы катышкан жыйындар болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 04 25 at 13.27.26 Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар менен иштөө алгоритми үйрөтүлдү

Анда үй бүлөлүк зомбулуктан сактап калыш үчүн балдардын психологиясын талдоо жана зомбулук фактысы аныкталган учурда иш алып баруунун алгоритми боюнча түшүндүрмө берилди. Кылмыштуулук болтурбоо максатында балдар арасында моралдык жана психологиялык климатка байкоо жүргүзүү.

Аларга бөгөт коюп, мыйзам чегинде иш алып баруу белгиленди. Зомбулукка кабылган балдардын жана аялдардын укуктарын коргоодо иш аракеттердин алгоритми, аны чечүү жолдору жана алдын алуу иш чаралары түшүндүрүлдү. ИИО тарабынан зомбулукка дуушар болгон аялдарга жана кыздарга көрсөтүлүүчү кызматтардын жана сервистик жардамдардын сапатын жогорулатуу боюнча нускамалар берилди.

WhatsApp Image 2022 04 25 at 13.27.26 1 Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар менен иштөө алгоритми үйрөтүлдү


Зордук зомбулуктун алдын алууда милиция кызматкерлеринен башка жергиликтүү бийликтин, социалдык кызматкерлердин, мектеп мугалимдеринин ролу белгиленип, укук милдеттери түшүндүрүлдү. Ал эми ички иштер органдарындарынын кызматкерлерине үй бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жана аялдарга берилүүчү коргоо ордерлеринин тартип эрежелери үйрөтүлдү.

Аталган иш чара Талас облусунун баардык райондорунда уюштурулуп, өткөрүлдү. Ага катышкан мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук уюмдар өздөрүнө керектүү маалыматты толук ала алышты. Окутуу баардык тармактарга пайдалуу жана кызыктуу болгону белгиленип, катышуучулар КРнын ИИМнин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

WhatsApp Image 2022 04 25 at 13.27.26 1 1 Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар менен иштөө алгоритми үйрөтүлдү


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы