Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болду

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кулубаев Жээнбек Молдоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.