АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду

Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

whatsapp image 2022 04 22 at 17 34 30 АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж. 11,5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Кармалган шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык , УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.