Айсулуу Тыныбекова күмүш алды

 Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш бейгеге татыды.

Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, аны 7:3 эсебинде жеңди. Кийин беттеш өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду.

Ал эми финалда япониялык Нонока Одзаки менен беттешип, 9-1 эсебинде жеңилип калган.