Сокулук районунда тоноочулукка шектүү жарандар кармалды

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп телефонун тартып алып из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.

Бул факты Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э., жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалышып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

WhatsApp Image 2022 04 22 at 12.48.11 Сокулук районунда тоноочулукка шектүү жарандар кармалды

Учурда териштирүү иштери улантылууда.