Сезим жана Салия аттуу курбу кыздар Караколдон аман-эсен табылды

Бишкекте изделип жаткан Сезим жана Салия аттуу курбу кыздар Караколдон аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 22-апрелинде Ж.Э. аттуу жаран жашы жете элек кызы Б.С. менен анын курбусун издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Дайынсыз жоголгон окуучу кыздарды издөө жана издөө иштерине шаардык милициянын бардык өздүк курамы тартылган.

«22-апрель күнү кечинде Каракол шаарынын тургуну изделип жаткан кыздарды дароо тааныган. Натыйжада кыздарды туугандары үйлөрүнө алып кетишкен»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бардык жагдайларды тактап, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шашылыш түрдө Каракол шаарына жөнөп кетишкен.